Элдик Банк Кытайдын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы менен эл аралык кызматташтыкты чыңдайт
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында 2025-жылдын 5-февралында Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Элдик Банктын делегациясы катышты.
“Элдик банкы" менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасы эки өлкөнүн каржы кызматташтыгын бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдар болду. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу экономикалык долбоорлорду өнүктүрүү жана каржылык тейлөөнү жакшыртуу боюнча негизги маселелер талкууланды.
«Бул жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жолундагы маанилүү кадам, ошондой эле эл аралык каржы институттары үчүн ишенимдүү өнөктөш болууга умтулуубузду ырастайт», - деди Элдик Банктын өкүлү.
Элдик Банк өзүнүн эл аралык позициясын бекемдөө менен Кыргызстанда бизнес жана экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча жигердүү иштерди улантууда.