Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк «Кыргызстандагы региондордун социалдык жана экономикалык өнүгүүсү» аттуу конференцияда

24 апреля 2025

Элдик Банк «Кыргызстандагы региондордун социалдык жана экономикалык өнүгүүсү» аттуу конференцияда

Конференциянын алкагында Элдик Банк «Бюджеттен тышкаркы ресурстар жергиликтүү өнүгүү үчүн. Жеке инвестицияларды пландаштыруу жана банктын потенциалы» деген тема менен презентация жасады. Спикерлер туруктуу регионалдык өнүгүү процессине финансылык институттардын активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилешип, банктар менен жергиликтүү бийлик жана бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту.

Мындан тышкары, банк кызматкерлери региондордо жеке инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана финансылык инструменттерге кызыккан кардарлар үчүн консультацияларды өткөрүштү.

Элдик Банк өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу стратегиялык маселелерди талкуулоого активдүү катышып, аймактарда экономика өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өз салымын кошуп келет.