Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк карылар үчүн киберкоопсуздук боюнча тренинг өткөрдү

24 апреля 2025

Элдик Банк карылар үчүн киберкоопсуздук боюнча тренинг өткөрдү

2025-жылдын 23-апрелинде "Элдик Банктын" коворкинг-борборунда "Карыялар үчүн ресурс борбору" коомдук уюмунун катышуучулары үчүн «Киберкоопсуздук. Санарип көндүмдөр» темасында окутуу тренинги өттү.

Тренингдин жүрүшүндө банктын кызматкерлери телефон жана интернет аркылуу алдамчылар кандайча иш алып барарын, алар колдонгон схемалар жана андан кантип сактанууга болорун түшүндүрүштү. Катышуучуларга санарип мейкиндикте коопсуз жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлүп, актуалдуу суроолорго жооп беришти.

Ошондой эле, Элдик Банктын кызматкерлери Eldik мобилдик банкингин тааныштырып, анын ыңгайлуулугу тууралуу айтып беришип, тиркемени орнотууга жардам көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, бул тренинг Глобалдык акча жумалыгынын алкагында өткөрүлдү. Элдик Банк бул эл аралык кампаниянын активдүү катышуучусу катары калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган ар түрдүү иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштуруп келет.