“Элдик Банк” каржылык жарманкеге катышты
31-октябрда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнө карата каржы жарманкесин уюштурулду.
“Элдик Банк” кампаниянын активдүү катышуучусу катары банктык кызматтар, өзгөчө депозиттик продуктулар боюнча кеңештерди берди.
Иш-чаранын алкагында белектерди тапшыруу менен финансылык сабаттуулук боюнча интерактивдүү оюндар уюштурулду. Анда катышуучулар өз билимдерин сынап, пайдалуу көндүмдөрдү ала алышты.
Ошондой эле банктын өкүлдөрү суроолорго жооп берип, катышуучулардын каржылык маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатууга жардам берген эффективдүү финансылык башкаруу боюнча кеңештери менен бөлүшүштү.
Мындан тышкары, жарманкеде КУУнун актовый залында КР Улуттук банкынын, КР Депозиттерди коргоо агенттигинин эксперттери, студенттер жана башкалар сөз сүйлөштү.
Белгилей кетсек, каржы жарманкеси 600дөн ашык адамды чогултту.