Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"Элдик Банк" 27-дүйнөлүк WSBI конгрессинде

01 ноября 2024

"Элдик Банк" 27-дүйнөлүк WSBI конгрессинде

Башкарманын Төрагасы Уланбек Ногаев башында турган "Элдик банк" делегациясы Бүткүл Дүйнөлүк аманат жана чекене банкинг институтунун (WSBI) 27-Дүйнөлүк конгрессине катышууда. Конгрессте туруктуу өнүгүү, жоопкерчиликтүү банк иши, аялдардын ишкердигин колдоо, финансылык инклюзивдүүлүк жана жашыл каржылоо маселелери боюнча кызматташтыкты жана өнөктөштүктү күчөтүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланууда.

Биз Европа жана Азиядагы ири банктардын жетекчилери менен корреспонденттик мамилелерди түзүү, жашыл күн тартиби жана туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдүк. Биздин милдет - алдыңкы финансылык инструменттерге мүмкүнчүлүк берүү аркылуу кардарларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, - дейт Уланбек Ногаев.

Конгресске Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Италиянын Борбордук банкынын төрагасы Фабио Панетта, Италиянын экономика жана финансы министри Джанкарло Джорджетти, ошондой эле БУУнун , Европа инвестициялык банкынын жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты.

Кошумчалай кетсек," Элдик Банк " Бүткүл Дүйнөлүк аманат жана чекене банкинг институтунун активдүү катышуучусу болуп саналат жана WSBI менен бирге байланыштарды бекемдөөгө жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө умтулат.