"Элдик Банк" көп функционалдуу соода борборунун курулушуна колдоо көрсөттү
2025-жылдын 17-майында Бишкекте заманбап көп функционалдуу соода борборунун курулушун баштоонун алкагында капсула салуу аземи болуп өттү. Долбоор «Элдик Банк» ААКтын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси А.Касымалиев, борбор калаанын мэри А.Жунушалиев, «Элдик Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары А.Турдалиев жана башкалар катышты.
Белгилей кетсек, бул объект шаардын инфраструктурасынын маанилүү элементи болуп, ишкердикти өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү калыптандырууга салым кошот.
«Элдик Банк» ААК олуттуу инфраструктуралык демилгелерди ишке ашырууда салттуу ишенимдүү өнөктөш болуп келген. Мындай долбоорлорду колдоо Банктын туруктуу өнүгүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга болгон стратегиялык милдеттенмесин чагылдырат. Биз бул маанилүү демилгенин бир бөлүгү болгонубузга сыймыктанабыз жана борбор шаарды жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду мындан ары да колдоону көздөп жатабыз.