Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"РСК Банк" ААКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда газдаштыруу темасы боюнча брифинг

27 ноября 2023

"РСК Банк" ААКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда газдаштыруу темасы боюнча брифинг

Бүгүн «Sputnik Кыргызстан» агенттигинин басма сөз борборунда «Газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо» деген темада брифинг өттү. Иш-чарага «РСК Банк», «Айыл Банк» «Газпром Кыргызстан» жана мэриянын өкүлдөрү катышты.

Түз эфирде биздин кесиптештер «Газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо» мамлекеттик программасы тууралуу айтып беришти. Анын алкагында «РСК Банк» газды туташтыруу жана үйгө жылытуу от казандарын орнотуу үчүн 8% жана 12% жеңилдетилген шартта күрөөсүз насыя берип жатат.

Белгилей кетсек, продукт «РСК Банкы» тарабынан «Газпром Кыргызстан» менен биргеликте калктын катуу отундан жаратылыш газына өтүшүнө жардам берүү жана ошону менен абанын булганышын азайтуу жана аймактагы экологиялык абалды жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Насыянын артыкчылыктары:

  • Күрөөсүз;
  • Суммасы - 150 000 сомго чейин;

Төмөндөтүлгөн пайыздык чен:

  • 8% - 150,0 чарчы метрге чейинки кыймылсыз мүлк үчүн (НПЧ 8,47%);
  • 12% - 150,0 чарчы метрден жогору (НПЧ 12,94%).

Насыянын мөөнөтү: 12 жана 24 ай.