ELDIK GREEN
Элдик Банк туруктуу өнүгүү принциптерин колдойт жана өз ишмердүүлүгүнө экологиялык демилгелерди киргизет.
04/10/2-23 ж.
«Элдик Банк» Кыргызстанда биринчилерден болуп Бириккен Улуттар Уюмунун
Глобалдык келишимине кошулду
“Элдик Банк” дүйнөнүн 160 өлкөсүнөн 17 000ден ашуун ар кандай ири компаниялар менен катар БУУнун (United Nationals Global Compact) Глобалдык келишимине кошулган Кыргызстандагы биринчи банк болуп калганын кубануу менен билдирет.
БУУнун Глобалдык келишими (БУУ ГК) корпоративдик социалдык жоопкерчилик жана туруктуу өнүгүү багытындагы бизнес үчүн эл аралык демилге. 2000-жылы түзүлгөн БУУнун ГК туруктуу өнүгүү концепциясын калыптандырууга жана алдыга жылдырууга бизнести тартуунун маанилүү инструменти болуп калды.
- Бүгүн биз “Элдик Банк” БУУнун Глобалдык келишимине кошулганын сыймыктануу менен айтабыз. Бул деген БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын жана демилгелерин колдоого биздин даяр экенибизди билдирет. Биз өз иш-аракетибизди жана стратегиябызды адам укуктарын коргоо, эмгек, курчап турган айлана-чөйрөгө этиат мамиле жана жемкордукка каршы күрөшүү жаатындагы жалпы кабыл алынган он принципке ылайык келтирүүгө милдеттенебиз, - деди “Элдик Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.
Белгилей кетүүчү жагдай, “Элдик Банк” жогоруда аталган принциптерди колдоо менен, Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) ылайык олуттуу чараларды көрүүдө. Атап айтсак, “Элдик Банк” “Туруктуу өнүктүрүү багытынын күн тартибинин” алкагында ESG-банкингди ишке ашырууга иш-чаралардын планын бекитти, ошондой эле кабыл алынган 17 Туруктуу өнүктүрүүнүн 13 максатын ишке ашырууга киришти.
Бүгүнкү күндө Банк СО2 көлөмүн азайтуу, энергиянын кайра иштелип чыгуу булактарын өндүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча программаларды ишке ашыруу, өлкөнүн суу ресурстарын сактоо, кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо жана башка көптөгөн долбоорлорду иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу аркылуу ТӨМ ишке ашыруунун үстүндө иш алып барууда.
“Элдик Банктын” өзүнүн сайтына баш багып, БУУнун Глобалдык келишиминин веб-сайтына шилтеме аркылуу маалыматтар менен кенен таанышууга болот https://unglobalcompact.org/what-is-gc/participants/160453
27/06/2023 ж.
«Элдик Банктын» жамааты КР ӨКМ менен биргеликте Ысык-Көлдү таштандыдан тазалады
Кыргызстандын бермети - Ысык-Көлдү сактайлы!
Өткөн ишембиде «Элдик Банк» ААКнын Балыкчы филиалынын кызматкерлери КР Өзгөчө кырдаал министрилигинин суучулкуткаруучулары менен биргеликте Балыкчы шаарындагы “Толкун” шаардык пляжында масштабдуу коомдук иш-чарага катышты.
Биздин кесиптештер пляжды жана жээкке жакын аймакты таштандылардан тазалашты.
Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүнөн таштанды жана брокердик торлорду чогултушту.
Бардык чогултулган таштандылар дароо Балыкчы шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводго кайра иштетүүгө жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, көлдү тазалоо иштери “Элдик Банк” тарабынан ишке ашырылып жаткан ESG стратегиясынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Жергиликтүү тургундарды жана бардык конокторду берметибизге этият болууга жана таштанды ыргытпоого чакырабыз.
Ысык-Көлдү жана жердештердин эмгегин баалайлы.
22/05/2023 ж.
«Элдик Банк» «Таштандыларды тескөөнүн мыкты тажрыйбасы» экобелгисин алды
«Элдик Банк» «Таштандыларды тескөөнүн мыкты тажрыйбасы» белгисин – эко марканы колдонуу укугуна шайкештик жана уруксат сертификатын алган Кыргызстандагы банктардын биринчиси болуп калды.
Өткөн жумада Кыргызстандагы WasteNet.kg Таштандыларды тескөөнүн эл аралык тармагы тарабынан уюштурулган “Green Waste Leaders – 2023” эко-лейбл маркаларын тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
«Best Recycle Practice» лейбл – бул таштандыларды кайра иштетүүгө жана кайра колдонууга өткөрүп берүү үчүн компанияда таштандыларды өзүнчө топтоо ишин жайылтуу аркылуу аларды тескөөнүн эң мыкты тажрыйбалары боюнча көз карандысыз экологиялык белги (маркировка) болуп саналат.
Өлкөдөгү эң ири банктардын бири катары Элдик Банк өзүнүн иш-аракетинде бир катар артыкчылыктуу багыттарды, анын ичинде, сарамжалдуу керектөөнү караган ESG принциптерин колдонуунуга олуттуу маани берет.
Банк бул багытта кандай чараларды көрүп жатат?
• Бардык калдыктарды, таштандыларды зыянсыз утилизациялоо (пластикалык, макулатура, колдонулган банкоматтар, терминалдар, лампалар жана башкалар);
• Таштандыларды сорттоо үчүн банк кеңселеринде эко-кутучаларды орнотуу;
• Айлана-чөйрөгө зыяны жок сувенирдик эко-продукцияларды иштеп чыгуу;
• Ысырапкорчулукту азайтуу максатында электрондук документ жүгүртүүгө өтүү;
• Таштандыларды тескөө системасын уюштуруу боюнча адистерди үзгүлтүксүз окутуу.
Жогоруда аталган эко-белгини алуу Элдик Банк экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоо, сактоо багытында олуттуу чараларды көрүп жатканын дагы бир жолу далилдейт.
24/03/2023 ж.
«РСК Банк» пластикти «жашыл» технология менен кайра иштетти
Өлкөбүдөгү эң ири банктардын бири катары «РСК Банк» ESG алкагында туруктуу өнүгүү маселелеринде жогорку жоопкерчиликти көрсөтүүдө.
ESG-принциптери бир катар артыкчылыктуу багыттарды, анын ичинде акылга сыярлык керектөөнү карайт. Бул багыттын алкагында банк акыркы жылдары Шина кайра иштетүүчү заводдо өзүнүн таштандыларын (пластик, макулатура, эски банкоматтар, терминалдар жана башка көптөгөн нерселер) кайра иштетүүдө.
Ишкана пиролиз ыкмасы менен (калдыктарды түтүнсүз жок кылуу) иштейт жана бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Бул ишкана таштандыларды кайра иштетүүнүн натыйжасында атмосферага зыяндуу заттарды чыгарбайт.
Бүгүн “РСК Банктын” кызматкерлери пластик карталарын кайра иштетүүгө алып барышты. Банктын чакыруусу менен ишканага WasteNet.KG - Кыргыз Республикасындагы Таштандыларды башкаруу тармагын өнүктүрүү боюнча эксперт Эгембердиева Гүлшат да келди.
Белгилей кетсек, «РСК Банк” WasteNet.KG тармагынын мүчөсү болуп саналат.