Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Ислам каржылоо

«Элдик Банк» ААК Ислам каржылоо алкагында төмөнкү багыттар боюнча өнүмдөрдү жеңилдетилген шарттарда сунуштайт:

  • Мурабаха Авто –транспорт каражатын жана /же кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен жаңы же колдонулган транспорт каражатын сатып алууга.
  • Мурабаха Бизнес – жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүн, жабдууларды, техникаларды, коммерциялык кыймылсыз мүлктөрдү жана башкаларды сатып алууга.
  •  Мурабаха Ипотека – турак-жай кыймылсыз мүлктү (батир, турак жер там, там салуу үчүн жер тилкеси) сатып алуу үчүн.
  • Мурабаха Керектөө кредити – оңдоо жана куруу үчүн курулуш материалдарын, эмеректерди, турмуш-тиричилик техникасын жана башкаларды сатып алууга.
  • Мурабаха Айыл чарба  – өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, айыл чарба техникасы жана башкалар.
  • Мурабаха ФСХ ИБР – өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, айыл чарба техникасы жана башкалар жеңилдетилген шарттарда.

 

 

«Элдик Банк» ААК ислам терезесинин алкагында исламдык каржылоо принциптерине ылайык, жеңилдетилген шарттарда «Мурабаха Авто» продуктусун сунуштайт.

  • Максаттуу топ: Жеке адамдар, жеке ишкерлер жана юридикалык жактар ​​
  • Каржылоонун максаты: айдала элек (колдонулбаган) жана экинчи рыноктон (2004-жылдан баштап чыгарылган) унааларды сатып алуу
  •  Каржылоо акчасы (валютасы): Кыргыз сому
  • Алгачкы төлөм: 20% дан
  • Каржылоо суммасы: 20 000 сомдон
  • Каржылоо мөөнөтү: 5 жылга чейин
  • Күрөө мүлкү:

• 2 000 000 сомго чейин - сатылып алынуучу унаа каражатын күрөөгө коюу (мүмкүн кошумча башка унаа каражаты жана/же кыймылсыз мүлк);

• 2 000 001 сомдон тартып кыймылсыз мүлк

Кошумча шарттар: Унаа каражатын камсыздандыруу же кепилдик

Мөөнөтүнөн мурда төлөө: Мүмкүн (айып пулдарсыз)

1 000 000 сом каржылоо суммасына үстөк бааны жана төлөмдү эсептөөнүн мисалы:

12 ай

12 айга үстөк баа – 111 600 сом

Ай сайын төлөм – 92 633 сом

24 ай

24 айга үстөк баа- 221 500 сом

Ай сайын төлөм - 50 896 сом

36 ай

36 айга үстөк баа - 337 900 сом

Ай сайын төлөм - 37 164 сом

48 ай

48 айга үстөк баа - 460 700 сом

Ай сайын төлөм - 30 431 сом

60 ай

60 айга үстөк баа - 589 600 сом

Ай сайын төлөм - 26 493 сом