Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Алдамчылардан абайгыла!

26 апреля 2024

Алдамчылардан абайгыла!

Урматтуу кардарлар!

«РСК Банк» ААК белгисиз адамдардын шилтемелерине өтүүдө этият болууну эскертет.

Учурда шылуундар:

🔹lalafo сайтына, казахстандык уюмдардан насыя алуу максатында, KoronaPayден фишингдик шилтемелер жана башка соода аянтчаларына жеке маалыматтарды киргизүү үчүн шилтемелерди жөнөтүүдө;

 

🔹алар сизден сатып алуу, акча которууну алуу үчүн, бөлмөлөрдү брондоо үчүн (жана башка) акча которуу үчүн арыз толтурууну суранышат;

🔹банк аркылуу каржылык жардамды алууга болору жөнүндө фейк билдирүүлөрдү жөнөтүп жана маалыматтарды киргизүү үчүн жасалма мобилдик банкингге шилтеме жөнөтүшөт.

”РСК Банк” ААКнун мобилдик банкинг боюнча бир гана туура сайты https://24.rsk.kg.

Белгисиз алдамчы сайттар аркылуу шылуундар сиздердин эсептик маалыматыңыздарды билип алып, акчаңызды уурдап кетиши мүмкүн!

Мындан тышкары, ар кандай операцияларды жасоодо «РСК Банктан» алган тастыктоо коду жазылган СМС маалыматтарын эч кимге бербеңиз. СМС ырастоолору сиз үчүн гана экендигин эстен чыгарбаңыз! Банк кызматкерлери телефон чалып, картанын реквизиттерин, СМСте көрсөтүлгөн маалыматтарды ж.б. сурашпайт.

Абайлаңыздар, этият болуңуздар! Ушул өңдүү бардык учурлар тууралуу «РСК Банк» ААКна дароо билдирүүңүздөрдү сиздерден өтүнөбүз.