23 сентября 2024
«Элдик Банк» Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага колдоо көрсөттү
23-сентябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттүү.
“Элдик Банк” иш-чаранын өнөктөшү катары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктарды тапшырды.
Белгилей кетсек, иш-чара КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган.