Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"Элдик Банк" "Органикалык Экспо - 2024" аймактык форумунун өнөктөшү

20 сентября 2024

"Элдик Банк" "Органикалык Экспо - 2024" аймактык форумунун өнөктөшү

"Элдик Банк" "Органикалык Экспо - 2024" аймактык форумунун өнөктөшү.

 Иш-чаранын ачылышындагы сөзүндө «Элдик Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Бакытбек Айталиев улуттун саламаттыгы жана экология үчүн органикалык айыл чарбанын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми “Элдик Банк” өлкөнүн туруктуу өнүгүү маселелерин илгерилетүү боюнча алдыңкы каржы институту катары дыйкандарды жана органикалык продуктыларды өндүрүүчүлөрдү активдүү колдойт.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн продукцияларынын көргөзмөсү да өтүүдө. Банк фермерлер жана өндүрүүчүлөр үчүн «жашыл» насыя продуктыларын тартуулады: АЧК-12, АКК, Лизинг ОКӨФ, КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен кызматташуунун алкагында «жашыл» долбоорлор жана лизинг.

Кызматкерлер кеңеш берип, толук маалымат берүүдө. Мындан тышкары, банк шаар тургундары жана анын коноктору үчүн тематикалык жасалгалары бар фотозонаны орнотту.

Бардыгын 20-22-сентябрда Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтө турган көргөзмө-жарманкеге чакырабыз.