Элдик Банк Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин 35 жылдыгын белгиледи
2024-жылдын 23-сентябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынганына 35 жыл болду. Биз үчүн бул тарыхый учурду - Кыргыз тил күнүн Элдик Банк өлкөбүз боюнча өзүнүн көпчүлүк филиалдарында эң жогорку денгээлде белгилеп, кардарлар үчүн ар кандай иш-чараларды уюштурду.
Кардарларга улуттук тамактар жана суусундуктар тартууланды. Улуттук кийимдерди кийген кызматкерлер, алып баруучулар кардарларды жылуу тосуп алышып, Кыргыз тили, тарыхы, адабияты, маданияты, улуттук каада- салттары тууралуу суроо-жооп маегин уюштурушуп, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө, аны кеңири жайылтууга толук көңүл бурушту.
Элдик Банк өз ишинде Кыргыз тилинин колдонулуусуна олуттуу басым коет. Ушул жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен тыгыз байланышта иштей баштадык.
Байыркы замандан бери сүйлөнүп келе жаткан Кыргыз тилибиздин кылымдан кылымдарга, муундан муунга кынтыксыз уланып турушуна салым кошууга ар бирибиз милдеттүүбүз!