Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

23-сентябрь - Кыргыз тили “Мамлекеттик тил” макамын алган тарыхый күн

23 сентября 2024

23-сентябрь - Кыргыз тили “Мамлекеттик тил” макамын алган тарыхый күн

Урматтуу мекендештер!

 “Элдик Банк” ААК атынан 2024-жылдын 23-сентябрында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганына 35 жыл толгону менен - Кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болгон тарыхый күндүн белгилениши менен барыңыздарды куттуктаймын!

Биздин кылымдар бою жашап келе жаткан Кыргыз тилибиз – мамлекетибиздин баа жеткис зор байлыгы, улуттук уңгубузду, нарк-нускабызды улап турган руханий кенч, көөнөрбөс дөөлөт.

Адамзат коомунун өнүгүшү ар кылка тарыхый окуяларга дуушар болгон өңдүү эле, биздин Кыргыз тилибиз дагы өзүнүн өнүгүү жолунда тиешелүү оош-кыйыштарга дуушар болгонун биз барыбыз тарыхый булактардан жакшы билебиз.

Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан соң Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда Кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Мына ушул мыйзамдын чегинде, Кыргыз Республикасынын банк тутумундагы тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик тилде колдонулушун, кардарлардын мамлекеттик тилде тейленишин камсыздоону “Элдик Банк” ААК өз иш-аракетинде көңүл чордонунда коюу менен иш алып барып жатканын баса белгилеп кетүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет катары калыптанып, мындан ары дагы өркүндөп-өнүгүүсү жалпыбыздын Кыргыз тилине – мамлекеттик тилге жасаган маданий мамилебизден дагы өтө көз каранды экендиги талашсыз.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын жараны катары, ар бирибиздин Кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорку деңгээлде, кеңири алкакта көкөлөтүп туруу жоопкерчилигибиз жемиштүү уланып турсун!

Терең урматтоо менен,

“Элдик Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы

Ногаев Уланбек Мелисович